Кыргызгидромет билдиргендей, 16-июнда өлкө аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;
Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25….30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 5….10, күндүз 18….23;
Бишкекте 16-июнда күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 30…32 градус болот.