Биз менен байланышыңыз

16-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 438 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 16-июнда өлкө аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25….30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 5….10, күндүз 18….23;

Бишкекте 16-июнда күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 30…32 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM