Биз менен байланышыңыз

Кундуз Жолдубаева Молдокматовдун иши боюнча суракка чакырылды

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 761 | 0

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн, 18-май саат 16.00дө Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдун иши боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, учурдагы бийлик кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат.

«Бийлик кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат. Бул өлкөдөгү азыркы абалды мүнөздөп турат. 2020-жылдын октябрь окуясы боюнча чыныгы күнөөлүүлөрдүн чакырылганын көрдүңөр беле? Үмүтбектин өлүмүнө тиешелүүлөр суралдыбы? Ким өзүнүн элине карата ок атууга уруксат бергенин издегенин уктуңар беле? Туура уккан эмессиңер! Бирок, каршыларды камап жатат».

Эске салсак, Молдакматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган. 8-майда 264-берене менен 2 айга камакка алынган.

Жеңиш Молдокматов Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды

Copyright © 2017 Maral FM