Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Акыркы саатка карата 70 арыз келип түштү

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1477 | 0

Акыркы сааттарга карата 70 маалымат келип түштү, анын ичинен 3 иш кылмыш катары катталды, бузуулар боюнча 7 маалымат катталды, 29 иш учурда каралып жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

Аймактар боюнча Ош шаарында– 23, Ош облусунда – 5 , Чүй облусунда– 7, Бишкек шаарында – 18, Баткен облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 4, Нарын облусунда – 6 маалымат катталган.

Султан Макилов бул 20:00го чейинки катталган маалыматтар экенин, андан кийин катталгандар боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM