Connect with us

Бишкек милициясынын башчысы Айзаданын жакындарынан кечирим сурады

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1586 | 0

Бишкек шаардык милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев бүгүнкү брифингдин жүрүшүндө каза тапкан Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Ошондой эле ал трагедиянын алдын ала албагандыгы үчүн маркумдун жакындарынан кечирим сурады.

«Окуяга катышы бар шектүүлөрдүн баары мыйзам чегинде жооп беришет. Мен сөз берем. Кыздардын атасы жана катардагы жаран катары мен ар дайым кыз ала качууга каршымын. Эгерде менин эрким болсо, кармаганда курал колдонмокмун, бирок биз мыйзам чегинде иштешибиз керек», — деди ал.

Кечээ, 7-апрелде Бишкектен уурдалган 27 жаштагы кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган. Ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM