Connect with us

Султаналиев: «Камбар-Ата-1» ишке кирсе, 15 жылда өзүн актайт

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 1119 | 0

«Камбар-Ата-1» ГЭСи курулуп, ишке кирген соң, 15 жылда өзүн актайт. Мындай пикирин энергетика тармагы боюнча адис Мырзатай Султаналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «CASA-1000» долбооруна ылайык, жылына Пакистанга 2 млрд кВт саат электр энергиясы сатылышы керек. Кыргызстан анын ичинен 1 млрд кВт саат электр жарыгы менен камсыздай алат. «Камбар-Ата-1» ГЭСинин энергиясы «CASA-1000ге» берилсе, долбоор өзүн актайт.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Өкмөтү жер бөлүп бериши керек. Себеби ГЭСтин жээктери бир нече айыл өкмөткө карайт. Бирок жер бөлүп берүү бир күндө чечилбейт, 1 жылдан ашык убакытты талап кылат.

«Эң башкысы келишимди туура түзүү кажет. Мында эл аралык деңгээлдеги юристтердин кеңешин алуу сунушталат», — дейт Султаналиев.

Copyright © 2017 Maral FM