Connect with us

«Чектен чыккан адамдар өтө көп»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 455 | 0

Маданиятты жагымдуу жакка өзгөртүү үчүн комплекстүү жумуштар жасалышы керек. Мындай пикирин филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маданиятты өзгөртүү үчүн көп багыттуу иштер жасалышы керек. Дүйнө жүзүндө терс көрүнүштөр арбын.

«Адамга адам керек» деген принциптин негизинде жашасак, турмуш өзгөрүлөт беле? Эрежеден, чектен чыккан адамдар өтө көп. Саясатчылар да, мугалимдер да, дарыгерлер да, ата-энелер да — көпчүлүк чектен чыгып кетти. Бирок чек деген түшүнүк даана эмес. Маселен, бирөө үчүн денесин көрсөтүү уят болсо, башкалар үчүн мода. Ой-пикирлердин көп түрдүүлүгүн шайкештикке келтире албай атабыз. Маданияттын эң татаал жери — ушул», — дейт Айтпаева.

Анын баамында, түрдүү агымдардын өзүнө мүнөздүү маданияты бар. Алар коом үчүн өз ара баарлашып, чектерди аныктап алышы керек. Чектер анык болбогондуктан, бир топ талаш-тартыштар келип чыгууда.

Copyright © 2017 Maral FM