Биз менен байланышыңыз

«Чет жакка чыккандар жана өлкөгө киргендер ПЦР-анализ тапшырышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2020 | 650 | 0

Чет мамлекетке чыга турган жаран милдеттүү түрдө ПЦР-анализ тапшырышы керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Орусиядан жана башка чет мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына кирип жаткан мекендештерден жана чет элдиктерден акыркы 72 сааттын ичинде тапшырган ПЦР-терсттин анализи талап кылынат.

Ошол эле учурда Казакстанга жүк ташыган айдоочулардан да ПЦР-анализдер талап кылынууда. Андыктан чек арадан өтүүнү пландаган жарандар коронавируска тест тапшырууга милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM