Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасындагы Масаев көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, турак үйдүн полунун 1,5 чарчы метр аянты күйүп, 1943-жылы туулган карыя кошо өрттөнүп кеткен.
Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.