Connect with us

Кошуна өлкөлөргө экспорттолгон бодо малдын саны былтыркыдан 35 эсеге көп

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Сен 2020 | 1010 | 0

Быйыл Кыргызстандан сыртка 5 262 баш бодо мал экспорттолду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 35,7 эсеге көп. Тагыраагы, былтыр 147 баш мал сыртка сатылган. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Төлөн Ырсалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

-Ошол эле учурда Орусиядан 2500 мал импорттолду. Ошондо экспорттолгондун жарымы импорт менен теңделди десек болот. Экспорттолгон жандыктар жалпы бодо малдын 0,3 пайызын гана түзөт. Тагыраагы, өлкө аймагында жалпысынан 1 млн. 760 миң бодо мал бар, анын ичинен 5 262 эле сыртка сатылды,-дейт Ырсалиев.

Кошумчалай кетсек, мындан бир канча күн мурда базарда эттин кымбаттаганы айтылып, Монополияга каршы көзөмөл агенттиги бул маалыматты ырастаган. Мекеме баанын кескин кымбатташын бодо малдын сыртка экспорттолуп жатканы менен байланыштырган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM