Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 85 жаштагы эркек жаран;
Ош облустар аралык ооруканасынан 79 жаштагы эркек жаран жана 62 жаштагы эркек медкызматкер;
Ысык-Көл облустук ооруканасынан 61 жаштагы эркек, врач педиатр;
Жалал-Абад облустук ооруканасынан 58 жаштагы эркек жаран;
Талас облустук ооруканасынан 61 жаштагы эркек жаран;
Жайыл аймактык ооруканасынан 57 жаштагы эркек жаран;
Жалпы каза болгондордун саны 99 кишини түздү.