Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 7 бейтап коронавирустан каза болду

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 447 | 0

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 85 жаштагы эркек жаран;

Ош облустар аралык ооруканасынан 79 жаштагы эркек жаран жана 62 жаштагы эркек медкызматкер;

Ысык-Көл облустук ооруканасынан 61 жаштагы эркек, врач педиатр;

Жалал-Абад облустук ооруканасынан 58 жаштагы эркек жаран;

Талас облустук ооруканасынан 61 жаштагы эркек жаран;

Жайыл аймактык ооруканасынан 57 жаштагы эркек жаран;

Жалпы каза болгондордун саны 99 кишини түздү.

Copyright © 2017 Maral FM