Ооруну жокко чыгаруу үчүн Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна адамдардын кирип-чыгуусуна болушунча тыюу салынууда. Бул тууралуу Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Жалал-Абад облусу боюнча элдин кыймылын азайтуу максатында патрулдук милиция кызматы күнү-түнү ишин улантууда.
Бүгүнкү күндө Чаткал районунда карантин тартиби күчүндө жана 12 пост иштеп жатат.