Биз менен байланышыңыз

Чаткал: Алтын кенинин саркынды суусу сакталган жер ачылып кетти

Кыска кабар | 24 Янв 2021 | 1349 | 0

«Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасы калдыктарды сактоочу жай жарылгандыгы жана цианиддин дарыяга куюлгандыгы тууралуу маалымат жөнүндө билдирүү жасады.

— Аталган ишкана 23-январда Терек-Сайдагы сууга цианид төгүлгөндүгү жөнүндө интернетке тараган кабарды төгүндөйт. Бирок 23-январь күнү саат 16:36да фабриканын саркынды сууларды сактоочу жайы ачылып кеткен. Бул учурда атайын техникалар иштеп баштап, саркынды суунун дарыяга кошулуусун алдын алган. Жергиликтүү элдин саламаттыгы үчүн лабораториялык анализ иштери жүрүп жатат, — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасы алтын иштетүү процессинде цианидди колдонбой турганын билдирген.

Эскерте кетсек, 23-январь күнү интернетте «Эти Бакыр Терек-Сай» фабрикасында саркынды сууларды сактоочу жай ачылып, химиялык заттар сууга аралашып кеткени тууралуу маалымат тараган болчу.

«Эти Бакыр Терек-Сайдын» жалпы үлүшүнүн 25%ы «Кыргызалтын» ишканасына, 75%ы түркиялык «Эти Бакыр» компаниясына таандык. Терек-Сай Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM