Биз менен байланышыңыз

Чаткалдагы «Эти Бакыр Терексай» компаниясы ишин токтотту

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 736 | 0

Чаткалдагы “Эти Бакыр Терексай” компаниясы ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Тоо-металлургдар профсоюзунун төрагасы Эльдар Тажибаев “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, фабрикадагы керектүү техникалар толугу менен өчүрүлүп, жетекчилик ишти белгисиз мөөнөткө токтоткон. Учурда компания жана жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүрүп, ишти улантуу аракети көрүлүп жатат.

-Аталган компания 400 жаранды иш менен камсыздап келген. Салык жана соцфондго төлөмдөрүн төлөп жүрөт. Андан сырткары жергиликтүү бийликке социалдык пакет катары жылына 15 миллион сом которуп турган,-дейт Тажибаев.

Компаниянын ишмердүүлүгүнүн кесепетинен экологияга зыян келтирилген фактылар жок экенин, тиешелүү органдар бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын айтты.

Эскерте кетсек, 5-ноябрда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун  кызматкерлери “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда 15 жергиликтүү тургуну милицияларга карата күч колдонуп, анын кесепетинен кызматкерлердин денесине зыян келтирилген.

6-ноябрь күнү бул факты боюнча Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү “бейбаштык” жана “Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

4-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык соту шектүү 15 жарандын баш коргоо чарасын карап, алтоосун 1 айга, 9 жаранды 2 айга камакта калтырды.

Copyright © 2017 Maral FM