Биз менен байланышыңыз

Назарбаев: «Кыргызалтын» «Жи Эл Макмал Девелопингге» колдон келген колдоосун көрсөттү

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Сен 2019 | 521 | 0

«Макмал» кенине алтын ылгоочу комбинат куруп баштаган «Жи Эл Макмал Девелопинг» комбинатына нааразычылыктар боюнча сот иштери жүрүп жатат. Ага тиешелүү органдар баасын бериши керек. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ишканасынын тышкы экономикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы Азамат Назарбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Макмал» алтын кени менен инвестордун ортосундагы келишим, мамиленин «Кыргызалтынга» тиешеси жок. Анткени, «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясына жер ижарага берилген.

Назарбаев «Кыргызалтын» ишканасы тоо кен тармагын өнүктүрүүдө, инвесторлорду тартып келүүдө чоң иштерди жасап жатканын белгилеп өттү.

«Жи Эл Макмал Девелопинг» комбинаты иштеп кетсе, ыраазы болмокпуз. «Кыргызалтын» колдон келген колдоону көрсөттүк. «Жи Эл Макмал Девелопинг» боюнча өкмөттөн түшкөн тапшырманын негизинде иштер жүрүп жатат. Ал эми «Макмал» кенинин келечеги бар. Ошондуктан «Мансон Групп» компаниясы келди. Кендин өмүрү болжолдуу түрдө 12 жылга узарат деген үмүттөбүз», — дейт Назарбаев.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясы менен «Кыргызалтындын» ортосунда 7 жылга ижарага жер берүү боюнча келишим түзүлгөн. Ижара акысы айына 400 миң сом деп келишилген. Бирок курулуп жаткан комбинат өрттөнүп кеткенине байланыштуу учурда ижара акысы төлөнбөй турат.

Эске салсак, 2018-жылдын 11-апрелинде Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышып, курулуп жаткан имаратты өртөп жиберишкен.

Copyright © 2017 Maral FM