Биз менен байланышыңыз

Рыспаев: мамлекеттик тоо-кен компаниясын түзүүнүн кажети жок

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2019 | 711 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев “Марал” радиосуна берген маегинде мамлекеттик тоо-кен компаниясын түзүүнүн кажети жок экенин билдирди.

«Мамлекеттик ишкана катары «Кыргызалтын» турат. Бүгүн ал мекеменин ишмердигин, жетекчилигин караш керек. «Кыргызалтындын» кайсы жерде үлүшү болсо баары жоготууга учурады. «Кумтөрдө» «Кыргызалтындан» кеткен 3 кеңешчи бар, айлык алышат. Бирок алардын бир маселе көтөрүп чыкканын көрдүңөрбү? Алып жаткан маянасынан коркуп бир дагы көйгөйлүү маселе айтышпайт. Акционерлер көпчүлүк менен жеңип жатса дагы кеңешчилер жок дегенде үнүн чыгарышы керек эле», — дейт эл өкүлү.

Рыспаев өкмөт СССР тарагандан бери кен бар жаңы жерлерди тастыктай электигин айтып, сынга алды.

Анын билдиргенине караганда, учурда аткаруу бийлиги СССР маалында кен байлык бар экени тастыкталган жерлерге лицензия берип жүрөт.

«Кен байлыкты иштетүү боюнча лицензияны койчулар да алып коюуда. Себеби мыйзам боюнча чектөө жок. Бирок аткаруу бийлиги лицензия алып жаткан адамдын мүмкүнчүлүктөрүн карашы керек болчу. Бул боюнча жоболорду иштеп чыгышкан жок. Бир адамга 41 лицензиянын берилиши коррупциялык элемент болуп эсептелет. Бирок мыйзамда чектөө жок. Лицензия алып иштетпей, пулун төлөп коюп жүрө бергендер бар. Бул дагы коррупциялык элементке кетип бара жатат. Эми бул маселени да карап жатабыз», — дейт Рыспев.

Copyright © 2017 Maral FM