Биз менен байланышыңыз

Азыркы саясий элита ким?

Саясат | 13 Июн 2019 | 1333 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин депутаттарды саясий элита деп атаганы коомчулукта кызуу талкууланып, сынга алгандар да болду. Мындан улам, саясий элитанын терминологиялык маанисин иликтеп, тарыхта кимдер саясий элита аталганын саясат таануучулардан сурап көрдүк.

Эске салсак, 12-июнда парламентте өткөн жыйында Жогорку Кеңештин депутаттарын саясий элита деп атаганы үчүн эл өкүлү Кожобек Рыспаев сынга кабылган. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын ашкере сындап жатканын айтып, төрагадан алардын укугун коргоону талап кылган.

Бирок депутаттын бул айтканы коомчулукта кызуу талкууга алынып, социалдык тармактарда аны сындагандар көп болду.

— Биз Элитабыз дейби🤣, анда мен Периштемин😁

— Кудаай, чек араны ушинтип арстан болуп коргосоңор, жашоо башкача болмок!

— Кыргызстанда эки жүздүүлөр элитабы?

— ӨЗҮҢӨРДҮ АЯБАЙ ЭЛИТА СЕЗИП ЖҮРГӨН ТУРБАЙСЫҢАРБЫ, ЭЭ? ЭЛИТА БОЛУП ЭМНЕНИ ЧЕЧИП АТАСЫҢАР?

Алгач эле Википедияга баш баксак, анда: «Саясий элита — өзгөчө мүнөзгө ээ болгон, жогорку социалдык статусу бар, ар кайсы саясий бийликтерди колдонуп, кай бир маселелерди чечүүгө активдүү катышкан социалдык топ», — деген түшүрмө берилген.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова жогорудагы түшүндүрмөгө таянып, азыркы парламенттин депутаттарын «саясий элита» деп атоого болбой турганын айтат. Анын пикиринде, чыныгы саясий элита деп, өзүнүн кызыкчылыгынан да, элдин кызыкчылыгын алдыга койгон инсандар аталган. «Ал эми азыркы чакырылыштын депутаттарынын биринчи кабыл алган мыйзамы да өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн болгон», — деп, буларга токтолду:

— Саясий элита деп эл үчүн, жер үчүн жанын курман кылууга даяр болгондорду атоого болот. Маселен: Курманжан Датка, Исхак Раззаков сыяктуу инсандар. Алар эл-жери үчүн өзүнүн кызыкчылыгынан баш тартышкан. Ал эми азыркы депутаттар биринчи келгенде эле кабыл алган мыйзамы да өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн болгон. Биз эмнеге өнүкпөй жатабыз? Анткени, бизде саясий элита жок. Саясий элита эч качан өзүн «саясий элитамын» деп, төшүн койгулбайт.

Бирок саясат талдоочу Орозбек Молдалиев эл өкүлүнүн айтканы туура деп эсептейт. Окумуштуу Паретонун теориясына таянып, «Саясий кызматта болгондордун баарын — анын  ичинде ЖК депутаттарын, президентти да саясий элита деп атоого болот», — дейт.

— Батыштын окумуштуусу Паретонун теориясынын негизинде ким президент болуп шайланып келсе, ал да саясий элита. Маселен, Алмазбек Атамбаевди да саясий элитанын өкүлү же экс-саясий элита десек болот. Ошондой эле, легитимдүү шайланып келген депутаттарды да саясий элита деп атай алабыз. Азыркы түшүнүк менен мурдагы түшүнүк өзгөргөн. Демек, Кожобек Рыспаевдин айтканы туура. Аны шылдыңдаардан мурда элита дегендин маанисин түшүнүп алсак.

«Теория боюнча алып караганда депутаттын айтканы туура болгону менен алардын деңгээлин айтуу эки башка. Анткени, элдин сынына кабылып жаткан бүгүнкү чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү бизнес, соода чөйрөсүнөн болгондуктан, тарыхта андай кишилерден чыныгы саясатчы чыкпай турганын Сократ, Аристотелдер да айтып кеткен», — дейт, саясат таануучу Алмаз Тажыбай.

— Азыркы учурда эл: «ЖК депутаттары талапка жооп бербей жатат», — деп жатпайбы. Аларды сынга алгандар көбөйдү. Карап көрсөк, көпчүлүгү оома. Кечээ Атамбаевди мактагандар, азыркы учурда Жээнбековду мактап жатат. Алып караганда, депутаттардын көпчүлүгү акчалуулар, ишкер чөйрөсүнөн келгендер. А мындай кишилерден чыныгы саясатчы чыкпай турганын мурда эле Сократ, Аристотелдер айтып коюшкан. Тилекке каршы,  биздин азыркы саясатта ошондой соода жаатындагы кишилер турат.

«Элита» терминин илимий колдонууга XIX кылымдын аягында француз окумуштуусу Ж. Сорелъ киргизген. Саясий макамдын теориялык мазмуну XX кылымдын башында иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM