Биз менен байланышыңыз

Кожобек Рыспаев «Ачык саясат» гезитин 300 миң сомдук доого жыкты

Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 756 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев «Ачык саясат» гезитин 300 миң сомго доого жыкты. Бул тууралуу жактоочу Ахмат Алагушев «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, «Ачык саясат» гезити депутатка 300 миң сом доо бермей болду.

Эске салсак, депутат Кожобек Рыспаев «Ачык саясат» гезитин «Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы үчүн сотко берген. Макалада депутаттын бир партиядан экинчи партияга өтүп жүргөнү «хамелеонго» салыштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM