Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев парламенттин бүгүнкү отурумунда Бишкек шаарындагы ооруканалардын абалы тууралуу маселе көтөрдү.
Депутат ооруканалардын абалы киши ыйлай турган деңгээлге түшүп кеткенин белгилеп, премьер-министрдин, тармактык комитеттин депуттарынын катышуусу менен жеринен таанышып келүүнү сунуштады. Рыспаев Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборду мисал келтирет.
“Кардиологиялык оорукананын абалы начар. Ымыркай балдар жатат, болгону 4 керебет. Сыртта 25 ата-эне ыйлап турат. Шашылыш операция болуп жатат, сыртта төртөө күтүп турат. Лифти иштебей калыптыр, имаратынын абалы, короосу кароосуз абалда калган”, — деди депутат.
Ал ошондой эле, оорукананын абалы менен жеринен таанышып келип, анан тиешелүү чечим кабыл алынса деген пикирин кошумчалады.
Токур
30.10.2019 21:48
Кожобек тушудон чочуганго, борбодогу ооруукана ошондой болсо, башка шаар, айылдагыларга кандай?
Кызыл кыя шаарында мен беш жыл мурда барып коргон ун 1970 жылдары курулган ооруу кана тегерегиндеги Ноокат, Араван, Кадамжай районун элин кошо тейлйейт. Сапаттуу курулган экен бузулбай турат, эскилиги жеткен, этажга чыккан тепкичтерден билесин, суу жок туалетке, идиш жууганы барсан ваннага суу алып койгон иштеткенге. Азыркы учурун айта албаймын, бироону коргону барсан дайыма поликлинкада катара турган элдин коптугун корсун, тар эл батпайт.