Депутат Кожобек Рыспаев Суусамыр өрөөнүндө дыйкандардын кар астында калган эгиндеринин ордун толуктоо маселесин көтөрдү
Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында айтты. Аба ырайы кескин өзгөрүп, суук эрте түшкөнүнөн улам, эгиндери чыгымга учураган дыйкандарды компенсациялоо боюнча маселени депутат Өкмөттүн астына койду.
Суусамырга кар түшүп, дыйкандардын 5 миң гектар аянттагы арпасы кар астында калганын буга чейин депутат Тынчтыкбек Конушбаев комитет жыйынында айтып, абалдан чыгуунун жолу каралышы керектигин билдирген болчу.