Биз менен байланышыңыз

«Мансон Групптун» жетекчиси алгач турист катары келген»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Апр 2019 | 608 | 0

«Макмал» алтын комбинатын иштетүүчү «Мансон Групп» компаниясынын жетекчиси Кыргызстанга алгач турист катары келген.  Бул тууралуу аталган ишкананын расмий өкүлү Алмазбек Туманов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Мансон Групп» компаниясынын жетекчиси 2004-жылдан бери Кытайда алтын чыгарып иштеп келет. Эми ал Тогуз-Торо районунун туризм тармагын өнүктүрүүгө да кызыкдар.

«Тагыраагы ал досторун да турист катары Кыргызстанга алып келүүгө кызыкдар. Инвестор Кыргызстанды, кыргыз элин абдан жактырды. «Мансон Групп» менен «Кыргызалтын» бирге иштешет. Өлкө тарыхында инвестор мамлекет менен биринчи жолу чогуу иштешип жатат. Андыктан, бул долбоор  ишке жакшы ашса, келечекте башка инвесторлор да келип баштайт», — дейт Туманов.

Туманов буга кошумча, көп учурда инвесторду алып келген өнөктөштөр жакшы иштешпей коёрун белгилейт.

«Инвесторго тоо-кен тармагындагы көйгөйлөрдү ачык айттык. Баарын түшүндүргөн соң, эл менен чогуу иштешүү боюнча программа түздүк. Ал инвесторго да жакты. Көпчүлүк учурда инвестициялык компаниялар спорт зал, жол куруп коёт. Бирок бул көп байкалбайт. Мындан улам «Мансон Групп» профилдик эмес өндүрүш боюнча да ишканаларды курууну пландады. Алсак, кыш чыгаруучу, сүттү кайра иштетүүчү заводдорду курабыз. Күнөскана иштетүү планыбыз да бар. Буга кошумча, инвестор бал өндүрүшүн колдоп, бал сатып алып кайра иштетип, Кытайга экспорттоо ою бар», — дейт Туманов.

Copyright © 2017 Maral FM