Биз менен байланышыңыз

«Мансон Групп» курган ишканалар айыл өкмөтүнө өткөрүлбөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Апр 2019 | 669 | 0

«Мансон Групп» курган ишканалардын баары компаниянын балансында болот. Алар айыл өкмөтүнө өткөрүлбөйт. Бул тууралуу аталган ишкананын расмий өкүлү Алмазбек Туманов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курулган заводдордон дароо киреше түшпөйт. Ишканаларды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берсек, каржылай албайт. Мындан улам «Мансон Групп» курган заводдорун өзү өнүктүрөт, алардан түшкөн киреше менен бөлүшүүгө даяр.

«Кыргызалтын» жана «Мансон Групп» компаниясынын ортосунда инвестициялык келишимде «Макмал» алтын комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү каралган.

Келишим комбинатка 800 адамды ишке орноштурууга жана Тогуз-Торо районунун 1315 тургунун тармактык эмес ишканаларда жумуш менен камсыздоого шарт түзөт.

«Сынактын шарты боюнча жумушту жандандыруу үчүн алгач 100 адам ишке алынат. Жумушчуларды этап-этап менен ишке алабыз. Алгач жумушчулардын 70% жергиликтүү калк түзсө, бара-бара бул көрсөткүч 90 %га көтөрүлөт. Алтын комбинатын  жандандырууга көп каражат кетет. Мындан улам «Кыргызалтындын» үлүшүн 50%га жогорулатууга болбойт. Алсак, алгач чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Быйыл компания 15 млн. доллар бөлөт. Кендин тетиктери алмаштырылат», — дейт Туманов.

Ал буга кошумча, «Мансон Групп» алтын кенин иштетүүдө экологиялык компания менен бирге иш алып барарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM