Биз менен байланышыңыз

Казаков: Алтын ылгоодо баары бир цианид колдонулат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Сен 2019 | 566 | 0

«Макмал» алтын кенине экинчи фабриканы куруунун зарылчылыгы жок. Анткени, кенди иштетүүчү «Мансон Групп» компаниясы комплекстүү түрдө жумуш алып барат. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Талант Казаков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Макмал» алтын кенине алтын ылгоочу комбинат куруп баштаган «Жи Эл Макмал Девелопинг» параллелдүү курулуш боюнча маалымат берип турууга милдеттендирилген. Бирок компания өз убагында маалымат берген эмес.

2018-жылдын 11-апрелинде Тогуз-Торо районунун жашоочулары митингге чыгышып, курулуп жаткан имаратты өртөп жиберишкен.

Казаков жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү «Кыргызалтындын» эмес, «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын милдети экенин белгиледи.

Ал эми «Макмал» кенин иштетүү боюнча жарыяланган сынак тууралуу жалпы элге маалымат берилгенин эскертти.

«Кыргызалтын» «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясына ижарага жер берип, суу чыгарып, электр жарыгын тартып берген. Эң негизгиси — экологиялык экспертиза. Алтын ылгоодо баары бир цианид кошулат», — дейт Казаков.

“Макмалалтын” кенине инвестиция салууга 3 компания кызыккан

Copyright © 2017 Maral FM