«Макмалалтын» кенине инвестиция салууга 3 компания кызыккан

«Макмалалтын» комбинатынын базасына бирдиктүү ишкана түзүү боюнча сынакка үч компания арыз берген. Бул тууралуу «Кыргызалтын» бүгүн, 14-декабрда конкурс аягына чыкканын жарыялаган учурда маалым болду. Толук 30 күн ичинде билдирмелер кабыл алынган. Эми 5 иш күнүнүн ичинде мекемелер аралык комиссия жеңүүчүнү аныктайт. Конкурска катышкан компаниялар, «Мансон Групп» ЖЧКсы; «Шынкыйюан Фрунзе» ЖЧКсы; «Борбордуказия металлкому» ЖЧКсы.