Биз менен байланышыңыз

«Макмалдын» алтынын иштетүүчү компания белгилүү болду

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 836 | 0

«Макмал» алтын кенин иштетүүгө жарыяланган конкурс жыйынтыкталып, жеңүүчү компания аныкталды. Ал-«Мансон групп» ишканасы. Бул тууралуу «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

«Мансон групп» ЖЧКсы «Макмалалтын» комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүп, анын пайдасынын 70%ы компанияга жана 30%ы мамлекетке түшөт. Компаниянын сунушу боюнча ишканага жалпы 1315 жумуш оруну түзүлүп, чалгындоо иштерин кошкондо жалпы уюштуруу иштерине 75 миллион доллар жумшайт.

Ошондой эле Тогуз-Торонун инфраструктурасын өнүктүрүүгө да бир катар каражаттарды бөлөрү убадаланган.

Кошумчалай кетсек, конкурска үч компания катышып, 38.36 балл менен «Мансон групп» ЖЧКсы жеңип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM