Биз менен байланышыңыз

Алимбеков: «Мансон Группту» «Кумтөргө» салыштырбоо зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Апр 2019 | 816 | 0

«Мансон Групп» компаниясы коомдук угууулар өткөрүлгөн соң, «Макмал» алтын кенин иштете баштайт. Бул тууралуу «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Жергиликтүү элдин сунушун угалы деп, комиссия түздүк. Эми коомдук угуу өтсө, алдыда нааразычылыктар болбойт. Инвесторго социалдык жактан басым көп болуп калды. Анткени компания Тогуз-Торо районуна кошумча ишканаларды куруп берет. Алар ишке кирсе, райондун экономикасы көтөрүлөт», — дейт Алимбеков.

Анын айтымында, «Мансон Групп» «Кыргызалтын» менен биргеликте иш алып барат. Мындан улам «Мансон Группту» «Кумтөр» ишканасына сылыштырбоо зарыл. Комбинатты башкарууга «Кыргызалтын» да катышат.

«Мансон Групп» салыктардан сырткары ыктыярдуу түрдө Тогуз-Торо өнүктүрүү фондуна өндүрүлгөн алтындан 2% которуп турат.

«Мыйзам чегинде айлана-чөйрөнү зыяндуу заттардан коргоочу тосмо курулат.  Компания элге компенсация төлөбөйт. Бирок Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине каражат бөлүп турат. Абанын, жердин, суунун анализин көрсөтөбүз. Иштин жүрүшүндө да өлчөнүп, мониторинг жасалып турат», — дейт Алимбеков.

Ал кошумчалагандай, өлкөдөгү кен байлыктарды мамлекет өзү иштетчү болсо, ири көлөмдө каражат керек. Ал үчүн насыя алууга туура келет. Бирок анын үстөк пайызы болот, мындан сырткары, күрөө талап кылынат. Мындан улам кенди инвестиция менен иштеткен ыңгайлуу.

Copyright © 2017 Maral FM