Биз менен байланышыңыз

«Кыргызалтын» «Мансон Групп» менен түзгөн келишимди бир тараптуу токтотууга укуктуу»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Апр 2019 | 602 | 0

«Макмал» алтын кенин иштетүүчү «Мансон Групп» жоопкерчилиги чектелген коому алгач чалгындоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, инвестициялык келишимге ылайык, «Кыргызалтындын» үлүшү 34 %ды түзөт, ал эми «Мансон Групптун» үлүшү 66% болот.

«Мансон Групп» компаниясы «Макмал» алтын кенин иштетүүгө 75 млн. долларга жакын инвестиция салат.

«Алгач 15 млн. доллар, кийинки жылдары  20 млн. доллардан инвестиция салат. Аны убагында төлөбөсө, 5 миң доллар айып салынат. Аны да төлөбөсө, «Кыргызалтын» келишимди бар тараптуу токтотууга укуктуу», — дейт Алимбеков.

Маалыматка ылайык, «Мансон Групп» тендердин негизинде тандалып алынган. Ага үч компания катышып, 38.36 балл менен «Мансон групп» ЖЧКсы жеңип чыккан.

«Тендерди алып баруу үчүн даярдыктар 1 жыл мурда башталган. Тагыраагы, алтын комбинатын толугу менен инвентаризациялап, баалоо иштерин бүтүргөн соң, тендер жарыяланды. Жергиликтүү элден комиссия түздүк. Анын курамына 5 айыл өкмөт башчы, Тогуз-Торо районунун акими да кирди. «Макмалды» иштетүүгө 5-6 компания кызыкдар болду. Бирок «Мансон Групп» жергиликтүүлөргө жакшы шарт түздү», — дейт Алимбеков.

Copyright © 2017 Maral FM