Биз менен байланышыңыз

Алимбеков: «Кумтөр» «AMECтин» сунуштарын аткарып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2019 | 609 | 0

«Кумтөр» «AMEC» экологиялык компаниясынын сунуштарын аткарып жатат. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ишканасынын директору Алмаз Алимбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Рекультивация үчүн 60 млн доллардан кем эмес акча түшүшү керек. Учурда 40 млн долларга чейин жеткиришти. Жыл сайын 6 млн доллар кошулат. «AMECтин» сунушу жок болгондо 69 млн долларга рекультивациялык фонд толукталчу эмес» , — дейт Алимбеков.

Анын айтымында, мамлекеттик деңгээлдеги Жаратылышты өнүктүрүү фонду жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна бөлүнгөн каражат байкоочу кеңеш тарабынан көзөмөлгө алынат.

Ошондой эле фонддорго бир гана «Кумтөр» ишканасы эмес, башка кендер да каражат которот. Байкоочу кеңеш ар бир долбоорду карап чыгат. Долбоор жакшы болсо гана акча бөлүнөт.

Белгилей кетсек, «Кумтөрдө» баалуу металлдардан алтын менен күмүш өндүрүлөт. Өндүрүштүн 80 %ы алтын, 20 %ы күмүш болот.

Белгилей кетсек, августтун соңунда өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы стратегиялык макулдашуу дагы 150 млн долларга көбөйтүлгөн. Келишимдин негизинде Жаратылышты өнүктүрүү фонду жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM