Биз менен байланышыңыз

Кумтөр: Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 57 млн доллар түштү

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2019 | 550 | 0

Өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын стратегиялык макулдашуусунун алкагында түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондуна учурда 57 млн доллар акча түштү. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ишканасынын директору Алмаз Алимбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эми жыл сайын Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 4 млн доллар каражат бөлүнөт. Ал акча Ысык-Көлдүн айлана-чөйрөсүн тазалоого жана экологиялык маселелерге жумшалат.

Ал эми Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна алгачкы төлөм катары 10 млн доллар түшөт.

«Бул каражатка өлкө аймагында жумуш орундарын камсыздаган ишканалар түзүлөт. Акча социалдык, инфраструктуралык маселелерге сарпталат. Алсак, ири ишканалар ачылса, Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду аркылуу насыялар берилет», — дейт Алимбеков.

Белгилей кетсек, августтун соңунда өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы стратегиялык макулдашуу дагы 150 млн долларга көбөйтүлгөн. Келишимдин негизинде Жаратылышты өнүктүрүү фонду жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM