Биз менен байланышыңыз

«Жаңы муундун келечеги үчүн «Кумтөрдү» иштетишибиз керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2019 | 538 | 0

«Кумтөр» кенинин өмүрү узартылса, калдык сактоочу жайлар көтөрө алат. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ишканасынын директору Алмаз Алимбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кендин өмүрү узартылса, долбоор түзүлүп, анын негизинде тиешелүү органдар экспертиза жасайт. Мындан эч кандай көйгөй, кооптонуу жок.

«Кумтөр» маселесинин тарыхын айта кетсек, башында ката кеткен. Аны баары билет. Келишим парламентте ратификациядан өткөн соң иштешибиз керек. Аны эч нерсе кыла албайбыз, аягына чыгарышыбыз керек. «Кумтөр» жарым жолду өтүп койду, дагы 10 жылдай калды. Жаңы муунга жакшы келечек түзүү үчүн кендерди азыр иштетишибиз керек. Алсак, билим берүүнү, инфраструктураны оңдоп, бейтапканаларды куруу зарыл», — дейт Алимбеков.

Copyright © 2017 Maral FM