Биз менен байланышыңыз

Макмалда биргелешкен ишкана кура турчу компания аныкталды

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 711 | 0

“Макмалалтын” комбинатынын базасына бирдиктүү ишкана түзүү боюнча сынакты “Мансон Групп” жоопкерчилги чектелген коому жеңди. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын маалымат кызматы кабарлайт.

Конкурска жалпысынан 3 компания катышкан, алар «Мансон Групп», «Шынкыйюан Фрунзе» жана «Борбордуказия металлкому» ЖЧКлары.

Бул компаниялар 30 пайызы “Кыргызалтынга” тийиштүү боло турчу биргелешкен ишкана түзүүнү сунушташкан. 70 пайызы инвестордун өзүнө таандык болот.

“Мансон Групп” ЖЧКсы долбоорду толугу менен жеке эсебинен каржылоого 75 млн доллар сунуштаган. Анын ичине геологиялык чалгындоо иштери да кирет. Ошондой эле 1315 жумушчу орун түзүп берет.

Жыл сайын Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна фабрика ишке киргенге чейин 10 млн сом төлөйт, эксплуатацияга берилгенде түшкөн кирешенин 2 пайызын төлөп турат.

Мындан тышкары, кен казууда, чалгындоо иштерин жасоодо, казылган кенди кайра иштетүүдө заманбап жабдыктарды колдонууну сунуштады.

Ал эми калктын социалдык турмушу үчүн май куючу жай менен эки кабаттуу мейманкана салуу, дүкөн, кичи маркет, кафе, үч кабаттуу туристтик комплекс, кирпич заводу, сүт заводун курууга убада берүүдө.

Эске салсак, 14-ноябрда «Макмалалтын» комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча сынак жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM