Биз менен байланышыңыз

«Эти Бакыр Терексай» кырдаал тууралуу кайрылуу жасады

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 767 | 0

«Эти Бакыр Терексай» ишканасынын башкы директор Махир Тезжан кендин айланасында болуп жаткан маселе боюнча билдирүү жасады.

Анда ал жетектеген ишкананын лицензияланган аянтынан сурма кенин мыйзамсыз казып алып жүргөн адамдар болгонун айткан. Алар учурдан пайдаланып, компаниянын кызматкерлерин ишке чыкпоого үндөгөн.

-Учурдагы кыйын кырдаалга байланыштуу  тоо кен-шахталык техникалардын жана жабдуулардын  жарактан чыгып калбоосу үчүн  компания өзүнүн өндүрүштүк ишмердигин убактылуу токтотууга жана белгисиз мөөнөткө консервация кылууга мажбур болду,-деп кайрылуусунда айткан.

Маалыматта айтылгандай, азыркы күндө «Эти Бакыр Терексай»  ишканасында  350дөн ашык адам жумуш менен камсыз болгон, анын ичинен  — 96% жергиликтүү жашоочулар. Орточо эмгек акы 22,5 миң сомду түзөт. Компания 2016-жылдан баштап  бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик бюджетке 750 млн. сомдон ашык салык төккөн.

Чаткалдагы «Эти Бакыр Терексай» компаниясы ишин токтотту

Терек-Сай: сот 15 жаранды камакта калтырды

Copyright © 2017 Maral FM