Биз менен байланышыңыз

Терек-Сай: сот 15 жаранды камакта калтырды

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 916 | 0

Жалал-Абад шаардык соту Чаткал районунун Терек-Сай айылынын камакка алынган 15 жаранынын баш коргоо чарасын карады. Ага ылайык, 6 жаран 2 айга, калган 9 тургун 1 айга убактылуу кармоочу жайда калтырылды.

Ички иштер минитрлигинен кабарлашкандай, тергөө иштерин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү улантууда.

Эскерте кетсек, 5-ноябрда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун  кызматкерлери “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда 15 жергиликтүү тургуну милицияларга карата күч колдонуп, анын кесепетинен кызматкерлердин денесине зыян келтирилген.

6-ноябрь күнү бул факты боюнча Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү “бейбаштык” жана “Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

2-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда такталган бардык жарандар тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына алынып келинген.

 

Copyright © 2017 Maral FM