Биз менен байланышыңыз

Чаткалда эл бүгүн дагы чогулат

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 772 | 0

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары нааразычылык митингине бүгүн, 4-декабрда кайрадан чогулат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Айдайкан Суранова «Марал» радиосуна билдирди. Анын кабарлашынча Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу үч айылдын эли саат 10.00дө нааразычылыгын улантат.

Буга 2-декабрда милиция кармап кеткен 15 баланын бошотулбаганы жана Түркиялык «Эти Бакыр Терек-сай» компаниясынын ишин токтотпогону себеп болууда.

Эскерте кетсек, Чаткалда акыркы бир айдан бери алтын чыгаруу үчүн келген Түркиялык компанияга нааразычылык токтой элек. Жергиликтүү тургундар компания жайытка элди өткөрбөй жатканын айтууда.

Бул маселе боюнча азырынча жергиликтүү бийлик эч кандай комментарий бере элек.

 

Copyright © 2017 Maral FM