Марал Радиосу

Чаткалга адамдардын кирип-чыгуусуна тыюу салынууда

Ооруну жокко чыгаруу үчүн Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна адамдардын кирип-чыгуусуна болушунча тыюу салынууда. Бул тууралуу Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусу боюнча элдин кыймылын азайтуу максатында патрулдук милиция кызматы күнү-түнү ишин улантууда.

Бүгүнкү күндө Чаткал районунда карантин тартиби күчүндө жана 12 пост иштеп жатат.

Exit mobile version