Биз менен байланышыңыз

COVID-19: АКШда көз жумгандар 40 миң 500дөн ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 678 | 0

Бүгүн, 20-апрелге карата Америкада коронавирус илдетинен көз жумгандардын саны 40 миң 575 адамга жетти. Мындай эсепти Жон Хопкинс университети жарыялаган.

Кошмо штаттарында жалпы вируска кабылгандар 765 миңге чамаласа, анын 71 миңден ашыгы илдеттен айыккан.

Бул аралыкта президент Дональд Трамп менен штаттардын губернаторлорунун кайчы пикири уланып жатат. Трамп карантиндик чектөөлөргө каршы болгон элди колдосо, штат жетекчилери бул коркунучтуу экенин айтып жатышат.

Кошумчалай кетсек, айрым өлкөлөр бекер дарыласа, АКШ коронавирусту дарылоонун кымбаттыгы боюнча алдыда турат.


Коронавирусту дарылоонун баасы канча турат? Эң кымбат баа АКШда…


Copyright © 2017 Maral FM