Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратты кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Ататүрк сейил багын түркиялык гранттын эсебинен реконструкциялоо маселесин талкуулады. «Бишкекбашкыархитектура», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын адистери жана грант берген тарап менен биргеликте иштелип чыккан долбоордун эскизи учурда Түркия тараптын кароосунда турат.
Ошондой эле жолугушууда бардык сейил бактагы аттракциондорду толук жаңылоо тууралуу сүйлөшүштү.
2018-жылдын жаз айында Бишкек мэриясы жана түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин бирикмеси сейил бактын аймагын реконструкциялоо боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Ага ылайык 500 миң доллар грант берүү каралган.
Тараптар инвестициялык долбоорлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү макулдашып, үч жыл ичинде түз инвестицияларды 20 млн долларга чейин көбөйтүү планын коюшту.
Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат түркиялык компаниялар жаратылыш газы менен жүргөн автобустарды лизингге алуу боюнча өтө турган сынакка катышууга кызыктар экенин билдирип, кыргыз-түрк достук ооруканасынын имаратын мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө даяр экенин айтты.