2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 83 млрд 989,5 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100 %га аткарылды же 10,8 млн сомго көп менен аткарылды. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
2018-жылга салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 4 млрд 405,6 млн сомго көбөйгөн.
2019-жылы салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план-болжол ашыгы менен аткарылган. Алсак:
- алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешелерине салык 128,1 %;
- бирдиктүү салык – 120,5%;
- жер салыгы – 111,3;
- кыймылсыз мүлк салыгы – 107,5%;
- пайда салыгы – 106,4%;
- кыймылдуу мүлк салыгы – 104,4%;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 103,7%;
- милдеттүү патенттин негизиндеги салык – 103,3%;
- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 103,2%;
- салыктык эмес келип түшүүлөр – 130,2%га аткарылган.
2020-жылы Салык кызматы 93,7 млрд сом суммасында салыкты чогултуу планы турат.