Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 2020-жылы 93,7 млрд сом салык чогултат

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 587 | 0

2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 83 млрд 989,5 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100 %га аткарылды же 10,8 млн сомго көп менен аткарылды. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

2018-жылга салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 4 млрд 405,6 млн сомго көбөйгөн.

2019-жылы салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план-болжол ашыгы менен аткарылган. Алсак:

  • алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешелерине салык 128,1 %;
  • бирдиктүү салык – 120,5%;
  • жер салыгы – 111,3;
  • кыймылсыз мүлк салыгы – 107,5%;
  • пайда салыгы – 106,4%;
  • кыймылдуу мүлк салыгы – 104,4%;
  • ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 103,7%;
  • милдеттүү патенттин негизиндеги салык – 103,3%;
  • жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 103,2%;
  • салыктык эмес келип түшүүлөр – 130,2%га аткарылган.

2020-жылы Салык кызматы 93,7 млрд сом суммасында салыкты чогултуу планы турат.

Copyright © 2017 Maral FM