Connect with us

Билим берүү тармагында күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдан тарта 8 колледжде пилоттук долбоорду ишке киргизет. Анын алкагында эмгек базары талап кылган кесипкөй адистерди даярдоо үчүн бюджеттен бөлүп берилген каражатты максаттуу пайдаланууга көңүл бурулат. Мындан сырткары, министрлик жаңы жылдан тарта билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин рейтингин түзөт.


«Бирдиктүү терезе» системасы менен иштеген Жогорку окуу жайлардын саны өсүүдө. Университеттен берилүүчү документтерди автоматташтыруучу система алгач Ош шаарында 2017-жылы ишке киришсе, учурда борбор калаада Бишкек гуманитардык университети, Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында, Агрардык окуу жайларында да ишке ашырылып жатат. Мындан сырткары, жеке менчик окуу жайлар да аталган системага кошулуп жатышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова билдирди:

— «Бирдиктүү терезе» аркылуу туура эмес маалымат берүүгө мүмкүн эмес. Анткени окуу жайда студент тууралуу так маалымат бар. Мындан улам, адашып кетүү же туура эмес маалымкат берүү жөнүндө сөз болбошу керек. Окуу жайларга кээде ата-энелер да келип, баласына тиешелүү маалымкаттарды ала алышат. Ошондой эле мугалимдер да айлык акысы тууралуу маалымкат алууга шарт түзүлгөн. Бул системаны дароо түзүүгө мүмкүн эмес. Ушундан улам, жаңыдан иштеп жаткан окуу жайлар үчүн бираз убакыт керек. Жакын арада университеттердин системаны киргизүүдөгү маалыматтарын уга аласыздар.  

Буга чейин студенттер тийиштүү маалымкаттарды алууда китепкана, бухгалтерия сыяктуу бир нече жерге барып кол койдуруп келсе, азыр Бирдиктүү терезе аркылуу керектүү маалыматты 20 мүнөттө ала алышат. Алсак, жогорку окуу жайында (ЖОЖ) билим алганыңыз жөнүндө, академиялык, дипломду аныктоо үчүн маалымкаттарды жана башка документтерди алууга болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Акыл Орозматов «бирдиктүү терезе» аз да болсо коррупциялык тобокелчиликтердин алдын аларын белгиледи:

— Мисалы, студенттер диплом алып жаткан кезде бюрократиялык элементерге көп такалып, тоскоолдуктар жаралчу. Бир маалымкатты алуу үчүн 50 сом, 20-10 сом берген элементтер бар эле. Ал эми ЖОЖдорго «бирдиктүү терезе» киргизилген соң, мындай кадамдарга бөгөт коюлат. 

2020-жылдан тарта колледждердин бюджети реформаланат. Ал эмгек базары талап кылган кесипкөй адистерди даярдоо үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу максатында жасалып жатат. Анткени колледждерге бөлүнгөн каражаттын 80%ы эмгек акыга, ал эми 1 пайызы гана билим берүүнүн окуу материалдарын каржылоого сарпталат. Мындан улам, каржылоонун жаңы методикасы сунушталууда. Бул тууралуу министрликтин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кесиптик билим берүү боюнча адиси Аида Ажиходжаева төмөнкүлөргө токтолду:

— Бул методиканын негизинде студент мыкты кесиптик билим алуусу үчүн канча каражат керектелерин эсептеп чыгышат. Ага бардык чыгымдар кирет. Биздин негизги милдетибиз бөлүнгөн каражатты рационалдуу пайдалануу, берилип жаткан билимдин сапатын жогорулатуу. Пилоттук долбоорго кирүүчү мекемелер ар бир аймакта каралган. Алсак, Бишкек, Токмок, Каракол, Нарын, Кызыл-Кыя жана башка шаарларда жайгашкан колледждер кирген. Эгерде долбоор жакшы көрсөткүчтөрдү көргөзсө, анда жалпы системага жайылтуу тууралуу сунуштар берилет. 

Министирлик мындан сырткары, 2020-жылдан тарта өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин рейтингин түзөт. Учурда бул боюнча тийиштүү документтер даярдалууда. Ал эми өлкөдөгү жогорку окуу жайларга 2017-жылдан бери казакстандык көз карандысыз агенттик тарабынан рейтинг жүргүзүлүп келет. Ал университеттерди баалоо, билим берүүнүн сапатын аныктоого шарт түздү.

Бүгүнкү күндө университеттерди аккредитациядан өткөрүүдө Кыргызстанда 6 көз карандысыз агенттик иш алып барат. Бирок Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гулмира Абылкасымова ЖОЖдорду аккредитациядан өткөрүүдө айрым мекемелер жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатканын маалымдады. Ал рейтинг өткөрүүдө чет мамлекттик агенттиктер менен иштеп, ошондой эле ЖОЖдорду акредитациядан өткөргөн мекемелердин жоопкерчилиги так көрсөтүлүшү керектигин кошумчалады:

Анткени канча аккредитациядан өтсө да, талапка ылайык өтпөй калды деген маалымат аз санда болуп жатат. Мындан улам, агенттиктердин аккредитациядан өткөрүүдөгү жоопкерчилиги так көрсөтүлүшү керек. Рейтинг окуу жайдын методологиялык технологиялары, көрсөткүчтөрү боюнча өткөрүлөт. Талдоо жүргүзгөнгө чейин агенттик семинар, тренингдерди өттү. 2019-жылы бардык окуу жайлар боюнча 179 бакалавр адистигин даярдоо программасы, 20дан ашык магистрлерди даярдоо, ошондой эле 51ден ашык адистик программаларды даярдоо боюнча рейтингдер түзүлгөн. 

Бирок мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын мисал келтирип, билим берүү тармагындагы реформаларды ишке ашырууда пилоттук долбоорлор натыйжа алып келбей турганын белгиледи.

— Акредитацияны жогорку деңгээлде өткөрүү министрликтин колундагы иш. Бирок анын баарын аморфтук түшүнүктөр менен гана жоокалап, өздөрүн да, элди да алдап келе жатат. Менимче, жаңы министр мунун баарын түп тамырынан бери сындырышы керек. Министрликтеги жоопкерчиликтүү кадрлардын бири да алмашкан жок, алардын колунан эч нерсе келбейт. Университет, колледждер эл аралык, күчтүү аккредитациялык борборлор менен байланышып, өз статусун бекемдеп алышат. Бирок ага карабай, административдик кийлигишүү болуп жатат. Мен ошого күйүп жатам. 

Айта кетсек, Кыргызстанда 65 жогорку окуу жай бар. Аларда 169 миң студент билим алат.

Copyright © 2017 Maral FM