Connect with us

Орусияда полицияны сабады деген кыргызстандык кармалды

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 486 | 0

Орусияда полиция кызматкерин сабады деп шектелип федералдык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Санкт-Петербург шаарында кармалды. Бул тууралуу Псков облусунун тергөө комитети билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Тергөөдө аныкталган маалымат боюнча 2016-жылдын 31-декабрында Псков шаарында кыргызстандык эки жаран мас абалында Звездная көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда токтотулуп турган унааны жабыркаткан. Аларды кармоого аракет жасаган учурда каршылык көрсөтүп, ал турсун полицияга кол көтөрүп, сабап качып кетишкен. Кийин алар федералдык издөөгө алынган.

Ички иштер министрлигинин Псков облусу боюнча башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери аларды бирөөсүн Санкт-Петербург шаарында колго түшүрдү. Шектүүнүн экинчисин издөө иштери улантып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM