Биз менен байланышыңыз

Саралаев: Орусиядагы мигранттар сабырдуулукту жана ынтымактуулукту көрсөтүштү

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Авг 2020 | 684 | 0

Орусиядагы кыргызстандыктардын көпчүлүгү тейлөө секторунда эмгектенгендиктен, ушул жылдын жазындагы соңку 3,4 айында Орусиядагы мигранттарга пандемия өзгөчө таасир этти. Мындай пикирин Орусиядагы Кыргызстандын эмгек мигранттарын колдоо фондунун жетекчиси Тимур Саралаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пандемиянын оор учурунда Орусиядагы көпчүлүк кыргызстандыктар аябай сабырдуулукту, туруктуулукту жана ынтымактуулукту көрсөтүшкөн.

Мигранттардын көпчүлүгү мейманканаларда, коомдук тамактануу жайларында жана башка ушул сыяктуу тейлөө тармагында иштеп, март айынан июнь айына чейин аталган тармактарда жумуш токтотулгандуктан, оор мезгилди башынан өткөрүштү. Мына ошого байланыштуу бир топ жарандар мекенине кайтууга мажбур болду. Ошол эле учурда жол жабык болгондуктан көбү мекенге кайта алган жок, — деди Саралаев.

Саралаев билдиргендей, Москва жана Москва облусунда эле бери дегенде жарым миллион кыргызстандыктар жашашат. Эсептөөлөр боюнча ал жактагы мигранттардын 2%ы эле мекенге кайтышкан.

Ошондой эле ал мигранттардын бир тобу күнүмдүк акча табуу менен такси секторунда иштеп,  2-3 ай иштебей калышкан. Көбү эл көргөн кыйынчылыкты көрүп, мамлекеттин, ар кандай фонддордун колдоосу менен кыйын учурларга чыдап, оор күндөрдү башынан өткөрүшкөндүгүн белгиледи.

Мындан сырткары Саралаев Орусиядагы эпидемиологиялык кырдаал жакшы жакка өзгөргөндөн баштап, жазга караганда жайда кайра бир топ иш орундар пайда болгондугун жана 100%  мурдагыдай болбосо да, көпчүлүк экономикалык кыймылдар кайра жандангандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM