Кыргызстан «Бизнес жүргүзүү- 2020» (Doing Business 2020) бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын рейтингде 10 орунга төмөндөп, 80-орунду ээледи. Өткөн жылы Кыргызстан 70-орунга ээ болгон болчу. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгү билдирди.
«Төмөндөөнүн себеби методологиянын өзгөрүшү жана маалыматтарды кайра карап чыгуу болду«, — деп билдирген Дүйнөлүк банктын Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Болормаа Амгаабазар.
«Doing Business» бул — Дүйнөлүк банк тарабынан жыл сайын бизнес жүргүзүүнүн жеңилдигин изилдөө боюнча рейтинг болуп саналат.
Бизнес жүргүзүү боюнча дүйнө лидери жана алардын көрсөткүчтөрү:
- Жаңы Зеландия (100 баллдык көрсөткүч боюнча — 86,8);
- Сингапур (көрсөткүчү — 86,2);
- Гонконг (көрсөткүчү — 85,3);
- Дания (көрсөткүчү — 85,3)
- Корея (көрсөткүчү — 84);
- АКШ ( көрсөткүчү — 84);
- Грузия (көрсөткүчү — 83,7);
- Улуу Британия (көрсөткүчү — 83,5);
- Канада (көрсөткүчү — 82,6);
- Швеция (көрсөткүчү- 82).
Рейтинг боюнча кээ бир өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү:
- Казакстан 25-орунда (көрсөткүчү — 79,6);
- Орусия 28-орунда (көрсөткүчү — 78,2);
- Кытай 31-орун (көрсөткүчү — 77,9);
- Түркия 33-орун (көрсөткүчү — 76,8);
- Индия 61-орун (көрсөткүчү — 73);
- Украина 64-орун (көрсөткүчү — 70,2);
- Өзбекстан 69-орун (көрсөткүчү — 69,9);
- Тажикстан 106-орун (көрсөткүчү — 61,3);
- Венесуэла 188-орун (көрсөткүчү — 30,2);
- Сомали — мейкиндик 190 (Figure 20)