Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон үй-бүлөсү менен биргеликте “Вахдат улуттук багынан” алмаларды жана башка мөмө-жемиштерди теришти. Бул тууралуу Тажикстандын президенттик аппаратынын маалымат кызматы жарыялады.
Бактын аймагында жергиликтүү багбандардын мөмө-жемиштеринин көргөзмөсү болду.
“Вахдат улуттук багынын жалпы аянты 631 гектар болуп, өрүк, шабдалы, алма, алча, жүзүм жана башка ар түрүү мөмө жемиштер жана дарактар өстүрүлөт.