Мектептерге электрондук кезек долбоору дагы төрт шаарда ишке киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтен белгилешкендей, ал 2020-жылы 15-февралынан тарта ишке кирип, Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларын камтыйт.
Учурда электрондук кезек долбоору Бишкек шаарында иштеп жатат.