Биз менен байланышыңыз

Трамп 2020-жылы да президенттикке талапкерлигин коёт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 619 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп 2020-жылда өтүүчү президенттик шайлоого жаңы күч менен ат салышат. Бул тууралуу ал Флорида штатындагы тарапташтары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ошондой эле, Трамп жаңы кампаниясынын шайлоого карата иштеп баштаганын кошумчалады.

«2016-жыл тарыхтагы чечүүчү жылдардан болду. Эч ким биздей аракет көрсөткөн эмес. 2020-жылда да муну кайталайбыз. Бул ирет баштаган ишти толугу менен аягына чыгарабыз. Бүгүн мен расмий түрдө АКШ президентинин экинчи мөөнөткө кайра шайлоо боюнча кампаниямдын башталышын жарыялайм»,- деди Дональд Трамп.

Жолугушуу учурунда Трамп Америка экономикасы дүйнө жүзүнө таасир этүү үчүн аракет жасаарын, учурда эң мыкты абалга жеткенин белгиледи.

АКШнын LIX (59) президентин шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрына белгиленген.

Reuter агенттигинин жүргүзгөн сурамжылоосу боюнча, калктын 40 %ы Трамптын саясатын колдосо, 57 %ы нааразы экендигин билдиришкен.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM