Бишкектин Логвиненко — Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жылытуу ситемасында жарылуу болуп, 4 адам жабыркады. Экөөнүн абалы оор деп сыпатталууда. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Жардыруу боюнча милицияга 9:30да маалымат келип түшкөн. Учурда милиция органдары окуя болгон жерде тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.