Көк-бөрү боюнча биринчи лигада “Алкан-Ата” командасы «Нооруз-2019» мелдешин жеңип алды. Азыр эле Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында бүткөн финалдык беттеште Таластан чыккан команда «Келечек» тобун 5:1 эсебинде утуп чемпион болду.
Учурда ат майдандан күлүктөрдүн жарышы башталды.
Саат 14:30да Көк-бөрү боюнча жогорку лиганын “Достук” менен “Ынтымак” командалары финалда беттешет.