Биз менен байланышыңыз

Америка Кубогу-2019: Бразилия чемпион!

Кыска кабар , Спорт | 8 Июл 2019 | 648 | 0

Бразилия курамасы Америка Кубогу-2019 мелдешин жеңип алды.

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Америка Кубогунун финалдык беттешинде Бразилия атаандашы Перу командасын 3:1 эсебинде утуп чемпион болду.

Мелдештин чечүүчү беттеши Рио-де-Жанейро шаарындагы легендарлуу «Маракана» стадионунда өттү.

Беттешин 15-мүнөтүндө Бразилиялык Эвертон гол киргизип, эсеп ачты. Биринчи бөлүктүн 44-мүнөтүндө Хосе Паоло Герреро эсепти теңеди.

Биринчи бөлүктүн акыркы мүнөтүндө Жезус бразилиялыктарды алдыга алып чыкты.

Тыныгуудан кийин Жезус экинчи сары айып кагазын алып, беттештен четтетилип, Бразилия курамасы 10 оюнчу менен калды.

Перулуктар бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышкан жок. Тескерисинче, 88-мүнөттө Ришарлисон 11 метрлик айып тобунан гол киргизип, беттештин тагдырын чечти.

Copyright © 2017 Maral FM